Эфиопиядагы кол салуу
Эфиопиянын Гамбела аймагында куралчан топтун кол салуусунда 170 киши каза болду.
472533
Эфиопиянын Түштүк Судан чек арасындагы Гамбела аймагында куралчан топтун кол салуусунда 170 киши каза болду.
Эфиопиянын информация кеңсесинин жазуу түрүндөгү жарыясында, армияга таандык бөлүктөрдүн кийлигишүүсүнүн жыйынтыгында кол салгандардан 60нын жок кылынганы белгиленди.
Анда карапйым калктын үйлөрү өрттөлгөн жана малдарды өлтүргөн кол салуу «адамзаттыкка жатпайт» жана «мыкаачылык» деп жарыяланды.
Гамбела аймагында Түштүк Судандан келген миңдеген баш калкалоочу жашаган 4 лагерь бар.
Тектеш кабарлар
Словения Палестина мамлекетин расмий тааныды
Чечимден кийин Палестинанын желеги кол чабуулар менен парламенттин алдына көтөрүлдү.