Азербайжан-Армения фронтунда ок атышуулар токтотулду

Азербайжандын Коргоо министрлиги Азербайжан-Армения бөлүктөрүнүн чек арадагы операциялары өз ыктыярлары менен токтотулганын жарыялады.

465234
Азербайжан-Армения фронтунда ок атышуулар токтотулду

Азербайжан-Армения бөлүктөрүнүн фронттогу операциялары токтотулду.

Азербайжандын Коргоо министрлиги жергиликтүү саат боюнча 12:00ден баштап Азербайжан-Армения бөлүктөрүнүн чек арадагы операциялары өз ыктыярлары менен токтотулганын жарыялады.

Карабагдын жасалма Коргоо министрлиги Армения менен Азербайжандын ортосунда уланган Тоолуу Карабаг кагылышууларында ок атууну токтотуу чечими чыгарылганын жарыялады. Ал эми Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги бул темада маалыматтары болбогонун билдирди.

Ок атууну токтотуудан мурда Азербайжандын акыркы жарыясында, ок атышууларда 70 армян аскеринин набыт болгону, 5 армян танкасынын талкаланганы билдирилген.

Анда Азербайжан армиясынын акыркы эки күндүн ичинде 16 аскери шейит болгону да белгиленген.

Бул учурда Азери пресс агенттиги АРАнын маалыматына караганда, армян күчтөрү фронт сызыгына жакын жердеги отурукташкан жерлерге алыс аралыкка атуучу замбиректер менен атууларын бүгүн да улантты.

Армян күчтөрүнүн ок атуусунун жыйынтыгында Тертердин Хасанкая айылында бир үйгө ок тийишинин себебинен бир азребайжандык каза болду.



Тектеш кабарлар