Азербайжан-Армения фронтунда чыңалуу күчөп баратат

Азербайжан-Армения фронтундагы ок атышууларда 70 армян аскеринин набыт болгону жана 5 армян танкасы талкаланганы жарыяланды.

464937
Азербайжан-Армения фронтунда чыңалуу күчөп баратат

Азербайжан-Армения фронтундагы акыркы атышууларда 70ке жакын армян аскери набыт болду.

Фронтто жоготууга учураган Армения армиясы Хожавенд-Фузули жана Агдере-Тертер багытында жарандар отурукташкан аймактарды атышын улантууда.

Азербайжандын Коргоо министрлиги бул багытта каршы операция жана жооп кайтаруулары менен стратегиялык жактан маанилүү Мадагиз аскердик башкаруу-көзөмөл борборунун талкаланганын жана аймакта текшерүүнүн камсыздалганын жарыялады.

Азербайжан-Армения фронтундагы ок атышууларда 70 армян аскеринин набыт болгону жана 5 армян танкасы талкаланганы жарыяланды.

Анда Азербайжан армиясынын акыркы 2 күндө 16 аскери шейит болгону билдирилди.

Коргоо министрлиги фронтто жетишилген үстөмдүктүн корголушуна карата чаралар көрүлө турганын да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар