Террор Европаны как жүрөккө урду

Бул окуя бир өлкөнүн, бир аймактын, ал эмес бүтүндөй дүйнөнүн жүрөгүн сыздатты.

456335
Террор Европаны как жүрөккө урду

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде кечээ террор ондогон карапайым адамдын жанын алды,ондогонун жаралады.

Бир өлкөнүн, бир аймактын, ал эмес бүтүндөй дүйнөнүн жүрөгүн сыздатты.

Террор кечээ Анкарада, Стамбулда, Парижде, Брюсселде, Кабулда, Триполиде болчу. Аккан кан бельгиялык, француз, түрк, арап, африкалыктыкы эле.

Бир, он, жүз адам эмес, бүтүндөй адамзат, мыкаачы, канкор кыймылдардын курманы болду.

Ондогон жылдар бою бөлүүчү террор уюму ПКК тарабынан аскер жана полициялары шейит кылынган, карапайым адамдарын ушул себептен жоготкон Анкара, Стамбул, Эдирне, Агры, кыскасы Түркия, Бельгиянын кайгысын жүрөгүндө сезди.

Түркия, "Мыкаачылык кол салууга дуушар болдук",-деп айкырган европалык лидерлердин үнүн жар салды. Эми Түркия, бул мыкаачылардын бири-биринен эч айырмасы болбогонунун билинишин каалайт.

Кечээ мыкаачы ПККга Европанын борборунда чатыр курдуруп пропаганда кылдыргандардын, биздин сезимдерибиздин, бүгүн террорист ДЕАШтын алдында сезгендери менен опокшош болгонун түшүнүшүн каалайбыз.

Президент Режеп Таййип Эрдоган жума күнү Брюсселдеги чатыр окуясына каршылык көрсөтүп; "Ушундай эле бомбалар сиздин шаарларыңызда жарыла баштаса биздин эмне сезгенибизди сөзсүз түшүнөсүздөр",-деп айткан. Ошондой эле болду. Эми Европа кош стандарттуулукту таштап, террордун бардыгы менен күрөшөөр бекен...



Тектеш кабарлар