Түрк аба жолдорунун Украинага каттамдары
Украианын эң маанилүү туристтик жерлеринин бири болгон Ивано-Франковскко каттамдар башталат
455001
![Түрк аба жолдорунун Украинага каттамдары](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/fe78/6456/b31a/56efba16305ec.jpg?time=1718795227)
Түрк аба жолдору Украинанын Ивано-Франковск шаарына түз каттамдарын 30-мартта баштайт.
Түрк аба жолдорунун Басма сөз кеңешчилигинин билдирүүсүнө караганда, Украинада Киев, Одесса, Львов, Днепропетровск, Херсон жана Запорожскаядан кийин 7-жер болгон Ивано-Франковскко каттамдар жуманын ар күнү эки тараптуу түрдө жүргүзүлөт.
Жүргүнчүлөр Стамбулдан Украианын эң маанилүү туристтик жерлеринин бири болгон Ивано-Франковскко, ал жерден да Стамбулга бардык салыктар менен бирге барып-келүү 99 доллардан башталган баада саякат кыла алышат.
Тектеш кабарлар
![АКШда өрт жана өзгөчө кырдаал](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2041/66fd/10db/66729aa8e296c.jpg?time=1718795228)
АКШда өрт жана өзгөчө кырдаал
Руидосо шаарына жакын жерде чыккан эки өрттөн улам аймактагы 7800 киши үйлөрүн таштап кетти.