Анкарадагы кол салууну чет өлкөлүктөр да айыпташууда

Илхам Алиев болсо, Анкарадагы террордук кол салууда каза болгондор үчүн президент Режеп Таййип Эрдоганга көңүл айтуу билдирүүсүн жиберди.

450085
Анкарадагы кол салууну чет өлкөлүктөр да айыпташууда

Европа Консейинин баш катчысы Торбжорн Ягланд, Анкарадагы мыкаачылык кол салуунун Европа баалуулуктарына каршы жасалганын айтты.

Ягланд: «Бул кол салуу бардыгыбызга каршы жасалды»,-деп айтып түрк калкына көңүл айтты.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев болсо, Анкарадагы террордук кол салууда каза болгондор үчүн президент Режеп Таййип Эрдоганга көңүл айтуу билдирүүсүн жиберди.

Алиев билдирүүсүндө бул сөздөргө орун берди: «Бул окуялардын себебинен сизге, каза болгондордун үй-бүлө жана жакындарына, бир тууган түрк калкына өзүм жана Азербайжан калкынын атынан кайрат айтамын. Жаралуулардын тез айыгып кетишин тилеймин».

Кол салуу Орусия тараптан да айыпталды. Кремлдин катчысы Дмитрий Песков: «Путин, Анкарадагы терактты катуу айыптайт. Түрк калкы менен бирге аза күтөт»,-деген маалымат жиберди.

Литванын тышкы иштер министри Линас Линкевикиус, расмий твиттер эсебинен, «Анкарада дагы бир кандуу жарылуу болду. Түркия кайрадан террор мажбурлоосу менен беттешүүдө. Шериктештерибиздин жанында турушубуз керек»,-деп жазды.

Англиянын Анкарадагы элчиси Ричард Мур, кол салууда жакындарынан ажырагандарды кайрат кылууга чакырды.



Тектеш кабарлар