Хиллари Клинтондун электрондук почта аркылуу жазышуулары

Соттун чечими менен коомчулукка билдирилген электрондук жазышуулардын акыркы бөлүгү 3 миң 800 беттен турат

442078
Хиллари Клинтондун электрондук почта аркылуу жазышуулары

АКШнын тышкы иштер министрлиги Хиллари Клинтон министрлик кызматында турган кезде он миңдеген беттик электрондук жазышууларынын акыркы бөлүктөрүн коомчулук менен бөлүштү.

Соттун чечими менен коомчулукка билдирилген электрондук жазышуулардын акыркы бөлүгү 3 миң 800 беттен турат. Ушундайча Клинтондун жеке эсебинен жазышкан 53 миң бетке жакын жазуусу жарыяланган болду.

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Жон Кирби бүгүн жарыялангандардын арасында 19 жазууну жашыруун деп билдирди.

АКШнын президенти Барак Обама менен Клинтондун ортосундагы е – почталардын бир бөлүгү «Президентти коргоо мыйзамынын» алкагында коомчулук менен бөлүшүлгөн жок. Бирок, АКШ чалгындоо кызматы менен тышкы иштер министрлигинин ортосунда маселе жараткан кээ бир е- почталар жарыяланды.

Хиллари Клинтондун АКШнын тышкы иштер министри кызматын аткарып турган кезде министрликтин расмий электрондук почтасынын ордуна жеке эсебин колдонуусу талаш – тартыштарга себеп болгон. Клинтон талаш – тартыштардан кийин министрликке 55 миң беттик документти тапшырган, сот жазышуулардын коомчулук менен бөлүшүлүүсүнө өкүм чыгарган.



Тектеш кабарлар