Орусияда кризис
Орусиянын финансы министри Антон Силуанов : «Бул кыйын шарттардын астында узун убакыт жашоого даярдануубуз керек»,- деди
Орусиянын финансы министри Антон Силуанов өлкөсүнүн экономикасындагы кризистин узун убакытка созуларын белгилеп : «Бул кыйын шарттардын астында узун убакыт жашоого даярдануубуз керек»,- деди.
Федералдык казына башкаруу кеңешинин жыйынында сөз сүйлөгөн Силуанов азыркы учурдагы экономикалык кризистин 1998 – 2008 – жылдардагыдан башка экенин, дагы узун мезгилдүү экенин белгиледи.
Бул жылкы бюджет каржоолору боюнча катуу текшерүү болорун баса белгилеген Силуанов алдыбыздагы жылы кредит каттарын колдонуу менен Резерв фондунан каржоонун болушуна жолтоо болууга аракет кылышарын айтты.
Экономика министри Алексей Улюкаев да андан мурда берген маалыматында өкмөттүн бул жылкы экономикасын колдоо максатында көрө турган чаралардын 12 миллиард долларга жакын болорун айтты.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 206 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.