АКШ ДЕАШты Сицилиядан уча турган учактар менен аткылайт

Ак үйдүн ДЕАШ менен күрөшкөн коалициянын негизиндеги атайын өкүлү Бретт Макгёрк террордук уюмдун Ливиядагы иштерин жакындан иликтешкендерин айтты

438514
АКШ ДЕАШты Сицилиядан уча турган учактар менен аткылайт

Террордук уюм ДЕАШтын Ливияда орун алуусунан тынчсызданган АКШ уюмду Сицилиядан уча турган учактар менен аткылайт.

Ак үйдүн ДЕАШ менен күрөшкөн коалициянын негизиндеги атайын өкүлү Бретт Макгёрк террордук уюмдун Ливиядагы иштерин жакындан иликтешкендерин айтты.

ДЕАШтын Ливияга мүмкүн болушунча дагы көп чет элдик террорист тартууга аракет кылганын белгилеген Макгёрк : «Америка террордук коркутуу боло турган болсо эч турбастан кыймылга өтөт»,- деди.

Ошол эле учурда Италия, АКШга таандык учкучсуз аба унааларынын Сицилиядагы аба базасынан учушуна жашыл жарык жакты. Италиянын уруксаты менен Сигонелла аба базасынан уча утрган учкучсуз аба унаалары Ливиядагы ДЕАШ буталарын атат.

База Ливияда 2011 - жылы да НАТО күчтөрү тарабынан колдонулган болчу.

Ливияда 6 миң 500 ДЕАШ террористинин бар экени болжолдолуп, Ирак жана Сирияда кысым астында болушунан улам террордук уюмдун Түштүк Африкадагы жерлерди алууга маани бергени айтылууда.



Тектеш кабарлар