Орусиянын башка эреже бузуулары

Орусия Финландия менен Грузиянын да аба мейкиндигин бузду

406127
Орусиянын башка эреже бузуулары

Орусиянын системалуу аба мейкиндигин бузуу кыймылдары улантылууда. Орусиянын саясий максатта жүргүзгөн стратегиясынын алкагында бул жылы Орусия учактарынын аба мейкиндигин бузган өлкөлөрдүн арасында Япония да бар.
Орусия аба күчтөрүнө таандык тик учарлар акыркы болуп Финландия жана Грузиянын аба мейкиндигин бузду. Грузия коргоо министрлигинин билдиргенине караганда Орусияга таандык бир кол салуучу тик учар бейшемби күнү аба мейкиндигин бузду.
МИ – 8 моделиндеги тик учардын Түштүк Осетия чек арасына жакын болуп жаткан машыгуу учурунда чек араны ашып өткөнү белгиленди.
Орусия аба күчтөрү Финландиянын аба мейкиндигин да бузду. Финландия булуңунда учкан бир орус тик учары Финландия аба күчтөрүнүн эки жолу эскерткенине карабастан чакырууларга жооп берген жок жана 6 минуталык убакыт менен Финландия аба мейкиндигинде учкан.
НАТО мүчөлүгү тууралуу ички коомдук пикирде талаш – тартыштар улантылып жаткан Финландия, иреттүү түрдө Орусия аба жана деңиз күчтөрүнүн эреже бузууларына дуушар болууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар