Халепте суу кыйынчылыгы

Кол салуулардан улам сириялыктар суусуз калышты

398061
Халепте суу кыйынчылыгы

Халепте суу тазалоо комплексинин өткөн жумадагы кол салууларда зыян тартуусу менен 3 жарым миллион сириялыктын суу муктаждыгы артты.
БУУнун Балдарга жардам фондунун (UNICEF) Сирия өкүлү Хана Сингер берген маалыматында согуштун да эрежесинин бар экенин , бирок Сирияда «турмуштук маанидеги жарандык базистердин» күн сайын бутага алынып жатканын айтты.
Сингер Ал – Кафес суу комплексин бутага алган бомбалоонун ким тарабынан жасалганын белгилебестен, күндө орточо 18 миллион литр суу чыгарган комплекстин Халепте 4 миллион кишиге ичүүгө боло турган суу бергенин жана 3 жарым миллион сириялыктын сууга муктаж экенин айтты. Сингер суу тазалоочу комплекстин бир бөлүгүнүн оңдолгонун, бирок азыр да 1, 4 миллиондон ашуун сириялыктын суу кыйынчылыгын тартып жатканын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар