АКШ Орусия учагы тууралуу далилдердин бар экендигин билдирди

Трюдо Түркия менен Орусиянын тема тууралуу диалогго кирүүсүн жана келишпестикти жумшатууну каалашкандарын айтты

357344
АКШ Орусия учагы тууралуу далилдердин бар экендигин билдирди

АКШнын тышкы иштер министрлиги өткөн жумада атып түшүрүлгөн Орусия аскердик учагынын түрк аба аянтын бузганына байланыштуу далилдердин бар экенин билдирди. Министрликтин пресс – катчысы Элизабет Трюдо : «Түркия жана өз булактарыбыздан алынган маалыматтар Орусия учагынын түрк аба аянтын бузганын көрсөтүүдө. Аба мейкиндигин бузгандан мурда түрктөрдүн орус учкучту көптөгөн жолу эскерткенин жана жооп алына албагандыгын билебиз»,- деди.
Трюдо Түркия менен Орусиянын тема тууралуу диалогго кирүүсүн жана келишпестикти жумшатууну каалашкандарын айтты. Министрликтин пресс – катчысы АКШнын президенти Барак Обама жана мамлекеттик катчы Жон Керринин Түркиянын территориясы менен аба мейкиндигин коргоо укугун колдошкондорун баса белгиледи. Трюдо АКШ менен НАТОнун да Орусиянын түрк аба мейкиндигин бузгандыгына байланыштуу тынчсызданууларын белгилеп : «НАТО союздашыбыз Түркиянын эгемендик укугун колдойбуз»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар