Францияда поезд темир жолдон чыгып кетти

Поезд кырсыгында 10 киши ажал тапты.

417188
Францияда поезд темир жолдон чыгып кетти

Франциянын Стасбург шаарына жакын жерде кечээ, 14-ноябрдагы тез жүрүүчү поезд жолунан чыгып кетип, кеминде 10 киши ажал тапты. 32 киши жараат алды, алардын 12си оор абалда экени кабарланууда.
Тез жүрүүчү поезд жаңы темир жолду сыноо үчүн Парижден Страсбургга бараткан. Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү Француз темир жолу улуттук компаниясынын кызматкерлери болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар