Лавров Америка менен байланышка даяр экендерин билдирди
Орусия жана Америка Сирия аба аянтында согуштук учактардын беттешүүсүнө бөгөт болуу үчүн келишимге кол койгон болчу
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирияда жүргүзүлүп жаткан террорго каршы операцияларда Америка менен байланышка даяр экендерин билдирди.
Сириядагы саясий түзүлүш процессинен үмүттүү экендерин белгилеген Лавров Сирияда парламент жана президенттик шайлоонун саясаттын бир бөлүгү катары көрүлүүсү керектигин айтты.
Лавров Москванын террористтерге каршы Эркин Сирия армиясын жана террористтреге каршы согушкан оппозициячыл топторду колдоого даяр экенин да сөздөрүнө кошумчалады.
Орусия жана Америка Сирия аба аянтында согуштук учактардын беттешүүсүнө бөгөт болуу үчүн келишимге кол койгон болчу.
Тектеш кабарлар
![Чадда чоң жарылуу болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/adb7/88ea/456a/66727c7dbb986.jpg?time=1718804905)
Чадда чоң жарылуу болду
Энцемин аэропортуна жакын жердеги Гонджи аймагындагы аскердик ок-дары сакталган кампада өрт чыкты.