Циньпин Кэмерон менен жолугушту

Кытай менен Англия карым – катнаштарын «21 - кылымда глобалдык негизде стратегиялык өнөктөштүк» деңгээлине чыгарууга чечим чыгарды

397687
Циньпин Кэмерон менен жолугушту


Англия сапарын улантып аткан Кытайдын президенти Си Циньпин кечээ Лондондо Англиянын премьер – министри Дэвид Кэмерон менен жолугушту. Эки лидер «21 - кылымда глобалдык негизде стратегиялык өнөктөштүк карым – катнаштарын» түзүү, эки тараптуу карым – катнаштарда туруктуу, ачык жана биргелеше тапкан кирешеге таянган алтын мезгилди баштоо чечимин чыгарды.
Си Циньпин жолугушууда Англия менен карым – катнаштардын деңгээлин жогорулатуу менен байытууга, кызматташтыктын келечегин пландап жаңы бир деңгээлге алып барууга даяр экендерин баса белгиледи.
Англис премьер – министр Дэвид Кэмерон болсо Кытайдын президенти Си Циньпиндин сапарында эки тараптын ортосунда бир топ проекти менен экономикалык жана соода келишиминин түзүлөрүн, бул келишимдердин карым – катнаштардын өнүгүүсүнө салымын кошоруна ишенгенин айтты.
Кытайдын Батыштагы эң жакшы кызматташтык өнөктөшү болууга даяр экенин белгилеген Кэмерон Кытай менен финансылык, энергетика жана виза саясаттары тармактарында кызматташтыкты кеңейтишерин билдирди.
Жолугушуудан киийн эки лидер көп сандаган эки тараптуу кызматташтык документтерине кол коюу аземине катышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар