Орусиянын дипломатиялык демилгелери улантылууда

Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен да телефон аркылуу сүйлөштү

327256
Орусиянын дипломатиялык демилгелери улантылууда

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сириянын оппозициячыл жана төңкөрүшчүл күчтөр улуттук коалициясынын төрагасы Халид Хожа менен жолугушту. Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен да телефон аркылуу сүйлөштү. Лавров менен Керри Сирия кризисинин чечилүүсү тууралуу оппозиция жана өкмөт өкүлдөрүнүн биргелеше карай турган темаларды карап чыгышты.
Лавровдун Сирия оппозициячыл жана төңкөрүшчү күчтөр коалициясынын төрагасы Халит Хожа менен сүйлөшүүсүндө да Сирия оппозицияларынын бир чатыр астында биригүүсү жана терроризмге каршы күрөшүү темалары каралды. Лавров өлкөсүнүн Батыш жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен бирдикте терроризмге каршы биргелеше күрөшүүгө даяр экенин айтты. Сириядагы ички согуштан Асад башкаруусунун жооптуу экенин айткан Хожа да убактылуу өкмөттө Асаддын орун алуусуна каршы экендерин кайталады. Москва Сирияда аскердик чечүүчү жолго каршы чыгууда. Орусия, Ирак жана Сирия өкмөттөрү күрт башкаруусу жана аймактык күчтөрдүн биргелеше коалиция түзүү менен террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүүсүн каалап жатат.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар