Кытайдан АКШга чакыруу

Кытай медиасы Таиланддан Кытайга тапшырылган жана Жакынкы Чышытагы террордук топтор менен байланыштарынын бар же жок экени иликтенген 109 уйгурдун азыр да камоодо экенин билдирди

316781
Кытайдан АКШга чакыруу

Кытайлык жетекчилер Чыгыш Түркстан исламдык кыймылына каршы АКШдан колдоо суранды. АКШ террор менен күрөшүү координатору Тина Кайданов менен Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ченг Гуопингдин арасындагы сүйлөшүүдө террор менен күрөшүү темасы каралды.
Кытайлык бир жетекчи : «Чыгыш Түркстан исламдык кыймылы сыяктуу террордук уюмдардын Кытай, АКШ жана эл аралык коомго олуттуу коркутуу жаратып жатканын баса белгиледик. Чыгыш Түркстан террордук күчтөрү менен күрөштө толук колдоо талап кылдык»,- деди.
Кытай тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта да АКШ менен террордук уюм менен күрөштө чалгындоо кабарларынын бөлүшүлүүсүн күчтөндүрүү жана зомбулук камтыган ашыкчалык менен күрөшүү темаларында келишимдин түзүлгөнү билдирилди. Ошол эле учурда Кытай медиасы Таиланддан Кытайга тапшырылган жана Жакынкы Чышытагы террордук топтор менен байланыштарынын бар же жок экени иликтенген 109 уйгурдун азыр да камоодо экенин билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар