Болгарияда электр бааларындагы өсүүгө каршы акция
Завод – фабрикалар жана ишкана ээлери чыгымдын көбөйүүсүнүн апаатка жетелей турганын айтышууда.
Борбор шаар Софияда парламенттин алдында чогулган 5 миңге жакын киши өкмөттүн 1 - августтан баштап күчүндө боло турган электр бааларындагы көтөрүлүүгө каршы акцияга чыгышты.
Жумушчу профсоюздарынын жол башчылыгында өткөрүлгөн кыймылга башка профсоюздардан да көп сандаган киши катышты. Акцияга миңге жакын завод жумушчулары иш таштоо менен колдоо көрсөтүштү.
Завод – фабрикалар жана ишкана ээлери чыгымдын көбөйүүсүнүн апаатка жетелей турганын айтышууда.
Энергетика секторунда бир канча убакыттан бери болуп келе жаткан кыйынчылыктын баа көтөрүү менен чечиле албай турганын ойлогон ишкана ээлери жана жумушчулар өкмөттү артка кадам таштоого чакырды. Өкмөт болсо 20 пайыздык баа өстүрүүнү күтүп жатат.
Тектеш кабарлар
Иордания менен Палестинанын ортосунда 14 келишим түзүлдү
Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки премьер-министр биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.
Орусия Британиянын айрым саясий өкүл, адис жана журналисттерине каршы санкцияларды киргизди
Бул тууралуу Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.
Грециядан Байдендин планына колдоо
Грециянын Тышкы иштер министрлиги социалдык медиа платформасынан билдирүү жасады.