Орусия Британиянын айрым саясий өкүл, адис жана журналисттерине каршы санкцияларды киргизди

Бул тууралуу Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.

2148080
Орусия Британиянын айрым саясий өкүл, адис жана журналисттерине каршы санкцияларды киргизди

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Британиянын айрым саясий өкүл, адис жана журналисттерине өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын жарыялады.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Британиянын Орусияга каршы «чагымчыл» жана «душмандык» саясатын жүргүзүп жатканы, Украинага колдоо көрсөтүү менен согушту улантууну көздөгөнү белгиленди.

Буга байланыштуу Британиядан кээ бир саясий өкүлдөрдүн, адистердин жана журналисттердин Орусияга кирүүсүнө тыюу салынганы кабарланган билдирүүдө, санкциялангандардын саны айтылган жок.

Билдирүүдө: «Британиянын Орусияны атайын аскердик операциясынын алкагында эл аралык деңгээлде каралоо жана изоляциялоо аракетине каршы чечкиндүү жана катаал реакцияны улантабыз. Лондонду Украинага аскердик колдоо көрсөтүүдөн баш тартууга чакырабыз» деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар