Динозаврдын жаңы түрү
Динозавр Вендичератопс деген ат менен аталууда
Динозавр «Вендинин мүйүздүү жүзү» деген мааниге келген Вендичератопс деген ат менен аталууда. Вендичератопстун 79 миллион жыл мурда ал мезгилде түндүк Америкадагы нымдуу жана ылык бир ички деңиздин жээгинде жашаганы билдирилди. Чөп жеген динозаврдын 6 метр узундукта, 2 тонна оордугунда экени болжолдолууда. Вендичератопстун башка түрлөрдөн айырмаланып мурдунун үстүндө мүйүзү жана тотукушту элестеткен тумшугунун бар экени аныкталды. Фосилдерди тапкан Слобода динозаврга атынын берилишин өзүнө таандык бир жол менен белгиледи. Колуна өзү тапкан динозаврдын татусун жасатты.
Канаданын Альберта аймагында 5 жыл мурда табылган фосилден алынган маалыматтар PLOS ONE илимий журналда жарыяланды.
Тектеш кабарлар
Израилдин кол салууларынан улам 37 миң 431 палестиналык каза болду
Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги кыргындары 258 күндөн бери уланууда.