Орусияда ШКУ менен БРИКС өлкөлөрү чогулат

Лидерлердин күн тартибин энергетика темалары түзөт.

334827
Орусияда ШКУ менен БРИКС өлкөлөрү чогулат

Шанхай Кызматташтык Уюму менен БРИКС өлкөлөрүнүн (Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасы) өкмөт жана мамлекет башчыларынын жыйыны Орусияда өткөрүлөт.
Жыйын 7-8июль күндөрүндө Орусиянын чыгышындагы Казакстан чек арасына жакын Уфа шаарында өтөт.
Лидерлердин күн тартибинде энергетика темалары орун алат.
Орусиянын энергетика министри Александр Новак: «Бул темада айрым иш-чаралар жүргүзүлдү. Министрлерибиз мындан мурда Мексикада чогулган. Дүйнөлүк маселелердин талкууланышы, жаңы технологиялардын таанытылуусу сыяктуу тармактарда тажрыйбаларыбызды бөлүшүү карым-катнаштарыбызды өнүктүрөт деп ойлоодобуз»,-деди.
Орусия апрель айынан бери БРИКСтин жетекчилик кызматын жүргүзүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар