Жылдын биринчи жарымында 71 журналист өлтүрүлдү

PEC Пресса Эмблема Кампаниясы жылдын биринчи 6 айында 24 өлкөдө 71 журналисттин өлтүрүлгөнүн жарыялады

329492
Жылдын биринчи жарымында 71 журналист өлтүрүлдү

БУУмунда атайын кеңешчи статусуна ээ, борбору Женевада болгон жарандык коом мекемеси PEC Пресса Эмблема Кампаниясы жылдын биринчи 6 айында 24 өлкөдө 71 журналисттин өлтүрүлгөнүн жарыялады.
PEC 2014 – жылдагы отчетунда : «Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка аймагы журналисттер үчүн эң жаман аймак. Жылдын биринчи жарымында Ливияда 8, Йеменде 6, Иракта 6, Сирияда 2 жана Газада 1 журналист болуу менен 23 журналист өлтүрүлдү» деген маалыматка орун берилди.
Отчетто Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка аймагынан кийин Латын Америка келип, Мексикада 4, Гондураста, Гуатемала жана Бразилияда 3төн, Колумбияда 2, Парагвай жана Доминик республикасында 1ден журналист болуу менен 17 журналисттин өлтүрүлгөнү белгиленди.
Отчетко караганда журналисттер үчүн жылдын 6 айында үчүнчү эң коркунучтуу аймак болсо Европа.
Европада бул жылы Францияда Шарли Эбдо кол салуусунда 8 журналист, кагылышуулар улантылып жаткан Украинада 4 жана Польшада болсо 1 журналист болуу менен 13 журналисттин өлтүрүлгөнү билдирилди.
Отчетто Африка материги өлкөлөрүндө Түштүк Суданда 6, Сомали, Кения жана Демократиялык Конго республикасында да 1ден журналисттин өлтүрүлгөнү белгиленди.
Отчеттун Азия жагында болсо Филиппиндерде 3, Индия жана Пакистанда 2ден жана Афганстан жана Индонезияда 1ден журналисттин өлтүрүлгөнү билдирилди. PEC өткөн жылы 16сы Израилдин Газа кол салууларында болуу менен 32 өлкөдө 138 журналисттин өлтүрүлгөнүн билдирген болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар