Украина Орусиядан жаратылыш газ алууну токтотту

Европа Биримдиги, Орусия жана Украинанын ортосундагы жаратылыш газ сүйлөшүүлөрү кечээ Австриянын борбор шаары Венада башталган

327656
Украина Орусиядан жаратылыш газ алууну токтотту

Украинанын Нафтогаз фирмасынын орус энергетика фирмасы Газпромдон жаратылыш газ алууну токтотконун билдирди.
Нафтогаздан жасалган маалыматта Украина аркылуу Түркия жана Европа өлкөлөрүнө жиберилген орус жаратылыш газында кандайдыр бир үзгүлтүктүн болбой турганы белгиленди.
Нафтогаздын жаратылыш газ өткөрүүсүнө байланыштуу Газпром менен жаңы бир келишим түзүүгө даяр экени белгиленген маалыматта Европа Биримдигинин колдоосу менен жаңы бир келишим тууралуу кадамдардын ташталуусунун бардык тараптарга пайдалуу болору баса белгиленди.
Европа Биримдиги, Орусия жана Украинанын ортосундагы жаратылыш газ сүйлөшүүлөрү кечээ Австриянын борбор шаары Венада башталган. Орус энергетика министри Александр Новак дүйшөмбү күнү берген маалыматында Украинага экспорттолгон жаратылыш газда миң метр куб башына 40 доллар баасын түшүрө алышарын айткан болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар