Клинтондун бөлүшүлбөгөн электрондук почталары жарыяланды

Хиллари Клинтондун 2012 - жылы май айында АКШнын Бенгази консулдугуна жасалган кандуу кол салууга байланыштуу 300гө жакын электрондук почтасы коомчулук менен бөлүшүлгөн

327638
Клинтондун бөлүшүлбөгөн электрондук почталары жарыяланды

АКШнын тышкы иштер министрлиги мурунку министр Хиллари Клинтондун 3 миңге жеткен бөлүшүлбөгөн почталарын коомчулукка билдирди.
Клинтон жана тобунун Түркия менен Армениянын ортосунда нормалдашуу процесси тууралуу 2009 - жылы октябрь айында кол коюлган токтомдор тууралуу жазуулар да бул электрондук почталардын арасында орун алган.
Эң көп чет элдик лидерлер менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү сыяктуу министрликтин күнүмдүк иштери тууралуу жазуулар орун алган электрондук почталарда кээ бир кызыктуу нерселер көңүлдөрдү бурууда.
2009 - жылы 20 - сентябрда Клинтондун орун басарына электрондук почта аркылуу «Сарахка телефон чал жана мага муз кошулган чай алып келе турганын же алып келбей турганын сура»,- деп жазганы бар. Башка бир электрондук катында орун басарына «Күлбө» деген темада кат жиберип Кытайда жактырган килемдердин сүрөтүн жеберүүсүн айткан.
Хиллари Клинтондун 2012 - жылы май айында АКШнын Бенгази консулдугуна жасалган кандуу кол салууга байланыштуу 300гө жакын электрондук почтасы коомчулук менен бөлүшүлгөн.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар