Түштүк Кореяда Мерс дүрбөлөңү уланып жатат

Мерс оорусунан дагы 2 киши каза болду.

320228
Түштүк Кореяда Мерс дүрбөлөңү уланып жатат


Түштүк Кореяда корона вирусу себепчи болгон жугуштуу дем алуу жолдору оорусу Мерстен дагы 2 киши каза болду.
Ушундайча бул вирустун айынан каза болгондордун саны 21ге жетти.
Саламаттык сактоо министрлиги, ооруну жугузуп алгандардын саны жаңы катталгандар менен бирге 181ге жеткенин билдирди.
Ооруну жугузуп алышы мүмкүн деген шек менен 3 миңдей киши болсо ооруканаларда карантинге алынды.
Оорулуулардын бул вирусту ооруканалардан жугузуп алгандары белгиленүүдө.
Мерстен каза болгондордун көпчүлүгү улгайып калгандар жана өнөкөткө айланган оорулары бар кишилер.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар