ДЕАШ Халебдин түндүгүнө кол салды

Кагылышууларда 8 түркмөн каза болду.

306824
ДЕАШ Халебдин түндүгүнө кол салды


Сириянын Түркия чек арасындагы Ракка шаарына караштуу Тел Абьядды күрт топторго таштаган террордук уюм ДЕАШ Халебдин түндүгүндөгү оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймактарга кол салды.
ДЕАШ Ум Хуш айылындагы түркмөн топтор менен да кагылышты. Кагылышууларда 8 түркмөн каза болду.
Террор уюму 28-майда оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Савран кыштагын жана жети айылды каратып алган болчу.
Бул учурда ДЕАШтан алынган Тел Абьяд аймагы Кобаниге караштуу болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар