Тарык Азиздин сөөгү Амманга жеткирилди

Тарык Азиз камалган абакта ооруканага жаткырылып, 5 - июнда каза болду.

303102
Тарык Азиздин сөөгү Амманга жеткирилди

Ирактын кулатылган лидери Саддам Хүсейинге эң жакын ысымдардын бири болгон Тарык Азиздин жаназасынын Иорданиянын борбор шаары Амманга жеткени билдирилди.
Үй – бүлөсү жана кээ бир булактар жаназанын куралдуу бир топ тарабынан качырылганын ортого салган болчу. Ирак өкмөтү айтылгандарды жалганга чыгарып, жаназанын «кээ бир процедуралардын себебинен» Багдатта күттүрүлгөнүн белгилеген.
Ирактын премьер – министри Хайдар Абади Азиздин жаназасы үчүн кандайдыр бир салтанат же митинг өткөрбөө шарты менен Иорданиядагы үй – бүлөсүнө тапшырылуусуна жолдомо берген. Ирактын мурунку тышкы иштер министри 79 жаштагы Тарык Азиз камалган абакта ооруканага жаткырылып, 5 - июнда каза болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар