Орусия Чоң жетиликтин саммитин сындады
Дмитрий Песков Чоң жетиликтин саммитине байланыштуу сереп салды.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков «Чоң жетилик» жана «Чоң сегиздик» форматтарынын дүйнөлүк маселелерди сүйлөшүү үчүн жетиштүү болбогонун белгиледи.
Орус медиасына маек куруп берген Песков Германиянын Крюн шаарында жекшемби күнү өткөрүлгөн Чоң жетиликтин саммитине байланыштуу сереп салды.
Песков Орусиянын президенти Владимир Путиндин Чоң жетиликтин саммитине чакырылып же чакырылбагандыгы жөнүндөгү суроолорго жооп берип жатып: «Жети же сегиз өлкө чогулуп дүйнөлүк маселелерге чечүүчү жол табуусу мүмкүн эмес. Путин дүйнөлүк экономика жана башка тармактарда чыныгы тең салмактуулуктарды көзөмөлдөгөн дагы да жемиштүү башка формулаларга көңүл бөлүүдө»,-деди.
Чоң жетиликтин саммитинен кийин жарыяланган декларацияда Орусиянын Украинадагы жикчил күчтөргө колдоо көрсөтүүсүн токтотуусу жана Минск келишимин толугу менен ишке ашыруусу күтүлгөнү баса белгиленген болчу.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 354 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.