Чөккөн кемеден 14 киши куткарылды
Кемеден ушул кезге чейин 14 киши куткарылды, 18 кишинин сөөгү табылды
292014
Кытайда Нанжинг шаарынан Чунцин шаарына карай бараткан туристик Янцзы дарыясында болгон борошодон улам чөккөн кемеден ушул кезге чейин 14 киши куткарылды, 18 кишинин сөөгү табылды. Тескери көмөрүлгөн кеменин астыңкы бөлүктөрүндө абанын бар экени жана көп сандаган кишинин жашап жатканы белгиленүүдө. Кыйын аба шарттарында жүргүзүлүп жаткан куткаруу иштери 4 миң кишилик бир топ тарабынан жүргүзүлүүдө. Чумкугучтар 3 тараптан чумкуп кеме жана тегерегинде изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Кемеде 406 жүргүнчү, 5 гид жана 47 экипаж бар. Жүргүнчүлөрдүн жаштарынын 50 – 80 арасында экени билдирилген.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 354 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.