Обама Ирак тууралуу маалымат берди
«ДЕАШка каршы согушта жеңилип баратканыбызды ойлобойм»
АКШнын президенти Барак Обама өлкөсүнүн Ирактагы ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн согушта жеңилбегенин айтты. The Atlantic журналы менен маектешкен Обама : «Рамадинин кулашы менен АКШ ДЕАШка каршы согушта жеңилүүдөбү?»,- деген суроого : «Жеңилгенибизди ойлобоймун. Ирактык коопсуздук күчтөрү биз машыктырган күчтөр эмес. Ошондуктан Рамади узун убакыттан бери коргоосуз. Бирок Рамадинин ДЕАШтын колуна өтүүсүнүн тактикалык артка чегинүү экенинде шек жок»,- деди. Обама башка бир суроо боюнча да : «Иракта болгондор сабак болду. Баарыдан мурда менин оюмча ал жерге кирүү жаңылыш эле»,- деп баа берди. Ирак коопсуздук күчтөрүн колдоону улантышарын белгилеген Обама : «Бирок эгерде ирактыктар өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн согушуу ниетин көрсөтүшпөсө биз муну алардын атынан жасай албайбыз»,- деди.