Македонияда эки министр кызматынан кетти

Министрлер арызында өлкөдөгү саясий ырааттуулукка салымын кошуу үчүн кызматынан кетишкендерин белгилешти

273396
Македонияда эки министр кызматынан кетти

Македониянын Куманова кыштагында болгон куралдуу кагылышуу өкмөттү кыйын абалда калтырды. Кээ бир жетекчилердин телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн басма сөзгө билдирилүүсү жана протесттерден кийин ички иштер министри Гордана Янкуловска менен транспорт жана информация министри Миле Янакиевский кызматтарынан кетишти. Министрлер арызында өлкөдөгү саясий ырааттуулукка салымын кошуу үчүн кызматынан кетишкендерин белгилешти.
Македония полициясы Куманованын Тоде Мендол мааласында ишемби күнү эрте менен куралдуу бир группа болгон бир үйгө операция жасалып, үйдөгүлөрдүн полицияга курал менен каршылык көрсөтүүсү менен тараптардын арасында кагылышуу чыккан. 28 саатка созулган кагылышуларда 8 полиция жана 14 кол салуучу каза болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар