Корона вирусу

Сауд Арабияда корона вирусунан каза болгондордун саны 430га жетти.

269885
Корона вирусу


Сауд Арабияда коркунуч жараткан бул вирустан 1 киши каза болду, 3 киши дарыланып жатат.
Өлкөдө өлтүрүүчү вирустан каза болгондордун саны 430га жетти.
Ушул учурга чейин 982 киши бул вирусту жугузуп алса, булардын 552си айыгып кетти.
Сауд Арабиянын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жооптуулары менен бирге корона вирусуна каршы коргоочу вакцина жана дары-дармектерди жасоо иштерин жүргүзүүдө.
Вирус алгач 2012-жылы катталган.
Өпкө менен бөйрөктөргө зыян тийгизген бул вируска каршы азырынча коргоочу вакцина же антибиотик жок.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар