Кытайда жамгыр жана борошо

Жетекчилер ушул кезге чейин жан жоготуунун же жаралангандардын болбогонун белгилешти

267923
Кытайда жамгыр жана борошо

Кытайдын ортоңку жана түштүк бөлүктөрүндө катуу жааган жамгыр жана борошо бир топ шаарга тескери таасирин тийгизди. Үйлөрдүн чатырларын учурган борошо дарактарды да тамырынан көңтөрдү.
Шаар борборлорунда проспектилер көптөгөн саат үзгүлтүксүз жааган жамгырдын таасири менен көлгө айланып, кээ бир учак каттамдары токтотулду.
Борошо жана жамгыр жаашы элет жерлерине тескери таасирин тийгизип, дыйканчылык аянттарында олуттуу финансылык чыгымдын болгону белгиленди.
Кээ кээде мөндүр жаашы да таасирдүү болгон аймакта жетекчилер ушул кезге чейин жан жоготуунун же жаралангандардын болбогонун белгилешти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар