Йеменде операция уланууда

26-марттан тартып Сана «учууга тыюу салынган аэропорт» деп жарыяланган.

254548
Йеменде операция уланууда

Йеменде Иран колдоо көрсөткөн шиит хусилерге карай операциялар уланууда.
Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалициялык күчтөр, Иранга караштуу бир учактын конуусуна бөгөт коюш үчүн Сана эл аралык аэропортунун конуу тилкесин атты.
Коалиция күчтөрүнүн катчысы коно албаган Иран учагынын өлкөсүнө кайтканын жарыялады.
Тилкеге болгон абадан бомбалоолордо аянтта токтоп турган бир учак да ок жаңылып өрттөндү.
Йеменде Сауд Арабия баштаган коалициянын хусилерге карай абадан операцияларын баштаган 26-марттан тартып Сана «учууга тыюу салынган аэропорт» деп жарыяланган.
Операция 21-апрелде соңуна чыгып, Йемен калкы үчүн эми «Үмүткө кайтуу» операциясы башталганы айтылган.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар