Иракта генерал Хасан Аббас Туфан өлтүрүлдү
Генерал Хасан Аббас Туфан менен бирге көп сандаган аскердинк да каза болгону белгиленди
Террордук уюм ДАИШ курган тузак менен Ирак армиясынын биринчи дивизиянын командири, генерал Хасан Аббас Туфанды өлтүрдү. Бригаданын генералы Туфандын конвоюна бомба жайгаштырылган унаа менен курулган тузакта генералдын жанындагы эки подполковник жана бир полковник менен бирге көп сандаган аскердин да каза болгону белгиленди. Феллуже шаарынын түндүгүндөгү бир жолго курулган тузактан кийин шаар жана тегерегиндеги коопсуздук чаралары эң жогорку деңгээлге чыгарылды. Рамади шаарындагы ДАИШке карай алдыга жылууну уланткан Ирак армиясы шаардагы стратегиялык Хуз көпүрөсүн алып уюмга абдан катуу сокку урган болчу.
Тектеш кабарлар
![Израилдин Газага карата абадан кол салууусу](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/0ef0/c0b6/6719/667914d696444.jpg?time=1719222623)
Израилдин Газага карата абадан кол салууусу
Кол салууда Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери 2 палестиналык каза болду.