Ок атпоо келишимине карабастан кагылышуулар токтой элек
Украинанын чыгышындагы кагылышуулардан 6 миңден ашуун киши каза болду.
Украинанын чыгышында 15-февралда күчүнө кирген ок атпоо келишимине карабастан атышуулар токтой элек.
Киевдин көзөмөлүндөгү Авдеевка шаарында кагылышуулар уланып жатат.
Авдеевка бир гана стратегиялык абалы эмес, Украинанын кокс көмүрү жана химиялык заттар ишканасын да камтыгандыктан маанилүү шаар болуп эсептелет.
Ок атууну токтотууга аракет кылынып жатканда Украина парламенти өлкөнүн чыгышына атайын статус берилүүсүн шайлоо шартына байланыштырган мыйзамды кабыл алуусу нааразылык жаратты.
Орусия бул мыйзамдын Минск келишимине терс экенин билдирди.
Орусиячыл жикчилдер да мыйзамдын чыгыштагы тынчтык процессин саботаж кылаарын сөз кылышты.
Украинанын чыгышында келээрки айда бир жыл боло турган кагылышуулардан 6 миңден ашуун киши каза болду.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 354 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.