Атомдук сүйлөшүүлөр кайрадан башталды

Сүйлөшүүлөр 19-мартка чейин созулат.

266131
Атомдук сүйлөшүүлөр кайрадан башталды

Америка Кошмо Штаттары менен Ирандын ортосунда атомдук сүйлөшүүлөр кайрадан башталды.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана ирандык кесиптеши Мухаммед Жевад Зариф Швейцариянын Лозанна шаарында жолугушат.
Сүйлөшүүлөрдүн 19-март бейшемби күнүнө чейин созулушу күтүлүүдө.
Март айынын аягына чейин макулдашуу түзүлбөгөн учурда атомдук сүйлөшүүлөрдүн оң жыйынтыкталышына коркунуч туудурушу мүмкүн деген санааркоолордун себебинен акыркы күндөрдө сүйлөшүүлөр ылдамдатылды.
Ирандын атомдук программасына байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн акыркы туру 3-5-мартта Швейцариянын Монтрё шаарында өткөрүлгөн болчу.
Иран менен 17 айдан бери уланып жаткан сүйлөшүүлөрдүн башка катышуучулары Орусия, Кытай, Англия, Франция жана Германиянын өкүлдөрү да эртеңден тарта сүйлөшүү үстөлүндө болот.
Туруктуу келишимдин июль айынын башында түзүлүүсү күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар