Украинанын чыгышында кагылышуу

Акыркы кагылышууларда 1 аскер каза болуп 5 аскер жараланды

259870
Украинанын чыгышында кагылышуу

Украина террор менен күрөшүү борборунун катчысы Андрей Лысенко Орусия жактоочусу жикчилдердин акыркы 24 саатта жасаган кол салууларында бир аскердин каза болгонун, беш аскердин да жараланганын белгиледи. Лысенко жикчилдердин чыгыштагы Орусия жактоочулары оор куралдарын фронттон толугу менен чыгармайынча армия бөлүктөрүнүн да фронттогу оор куралдарын жана аскерлерин толугу менен чыгарбай турганын айтты. Ошол эле учурда Украинанын чыгышындагы Донецк жакындарындагы Эл аралык Кызыл Крест комитетинин кызматкерлерине Орусия жактоочулары тарабынан ок атылды. Орусия жактоочуларына каршы жүргүзүлгөн операциялар башкарылган террор менен күрөшүү борборунан берилген маалыматта Эл аралык Кызыл Крест комитетинин кызматкерлерине каратакол салууда каза болгон же жаралангандардын болбогону белгиленди. Маалыматта айрыкча кечээ жикчилдердин 24 жолу эреже бузганы жана өкмөт күчтөрү жайгашкан жерлерди бутага алганы белгиленди. Кол салууларда Лозовое, Луганск, Оптионощ, Авдеевка жана Широкино кыштактарынын бутага алынганы билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар