Керри менен Штайнмайер жолукту

Жолугушууда Иран жана Укриана маселеси сүйлөшүлдү.

259968
Керри менен Штайнмайер жолукту


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту.
Вашингтондо өткөрүлгөн жолугушуунун күн тартибинде Иран жана Укриана маселеси орун алды.
Жон Керри Иран менен 5+1 өлкөлөрүнүн ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдө тараптардын ортосундагы пикир келишпестиктерди жоюуну ойлогондорун белгиледи.
Штайнмайер да бул процессте Иранды макулдашуучу мамиле жасоого чакырды.
Украина темасына да токтолгон Жон Керри процессте дагы эле маанилүү маселелердин болуп жатканын белгиледи.
Керри тынчтыкчыл жана бөлүнгүс Европанын гарантияга алынуусу жана Минск келишиминин ишке ашырылуусу маанилүү экенин баяндады.
Штайнмайер да Вашингтон сапарынын алдында Украинанын чыгышындагы кризиске байланыштуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү жөнүндө маалымат берди.
Сүйлөшүүдө тараптардын ок атпоо режимин бузууну токтотуулары керектигин, ушундайча Минск келишимин ишке ашыруу процессинде жылыш болоорун айтканын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар