"Solar Impulse 2" учагы сапарга чыгат

Сапар 5 айга созулат.

244601
"Solar Impulse 2" учагы сапарга чыгат

Күндөн алган энергияны колдонуп учкан "Solar Impulse 2" учагы 7-мартта дүйнөлүк сапарга чыгат.
Бириккен Араб Эмирликтеринин борбору Абу Дабиден баштала турган учуу 5 айга созулат.
Абу Дабиден кийин Оманга бара турган "Solar Impulse 2" андан соң Индия, Кытай, Японияга карай бет алат.
Учак 5 күн бою жерге эч конбостон Тынч океандын үстүнөн өтөт.
Гавайидеги тыныгуудан кийин Атлантика океанынан өтүүсү пландалган "Solar Impulse 2" учагынын акыркы аялдамасы Европа болот.
Учактын 600 саатка созулушу пландалган рекорддук учуусунда 12 жерге конуп-учушу күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар