Дүйнөнүн көзү Украинага бурулду

Донецк менен бирге Луганск аймагында да эреже бузуулардын болгону байкалууда

219630
Дүйнөнүн көзү Украинага бурулду

Өлкөнүн чыгышындагы Орусия жактоочуларынын ок атууну токтотуу ишке кирген түндөн бери ондогон жолу эреже бузганы билдирилди. Жикчилдер болсо биринчи окту Украина армиясынын бөлүктөрүнүн атканын белгиледи. Донецк менен бирге Луганск аймагында да эреже бузуулардын болгону байкалууда.
Өкмөт күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү Дебальцево кыштагында абал оор. Жикчилдердин кыштакты колго алуу үчүн пландаган жана аскердик бөлүктөрдү көкүтүү үчүн ок ата турганы боюнча сөздөр бар.
Германиянын канцлери Ангела Меркель, Франциянын президенти Франсуа Олланд, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Пётр Порошенко кечээ өткөргөн телеконференцияда ок атууну токтотуудан кийинки абалды сүйлөштү.
Тараптар Дебальцеводо болуп жаткан кагылышуулардан улам санааларын билдиришти.
Американын президенти Обама абалдарга байланыштуу Меркель жана Порошенко менен телефон аркылуу сүйлөштү. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да тараптардан ок атууну токтотууга баш ийүүлөрү керектигин суранды.
Белорусиянын борбор шаары Орусия, Германия, Украина жана Франция лидерлеринин катышуусу менен өткөрүлгөн төрттүк самитте Украинанын чыгышында 15 - февралдан баштап ок атууну токтотуунун жарыялануусу, оор куралдардын фронттон чыгарылуусу жана барымталардын эркин коё берилүүсү тууралуу макулдашуу түзүлгөн болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар