Бельгия парламенти Палестинаны тааныды

Швециядан кийин Польша, Румыния, Венгрия, Чех республикасы, Болгария, Түштүк Кипр Рум башкаруусу жана Мальта Палестинаны таануу чечимин турмушка ашырган

213401
Бельгия парламенти Палестинаны тааныды

Бельгия парламентинде борбордук оңчул коалиция өкмөтүн түзгөн партиялардын колдоосу менен Палестинаны таануу сунушу кабыл алынды.
Бельгия парламенти «эң ылайыктуу учурда» Палестинаны таанууга чакырды. Борбордук оңчул коалиция өкмөтүн түзгөн партиялар колдогон сунуш 52 добушка каршы 75 добуш менен кабыл алынды. Оппозициядагы социалисттер, Жашылдар жана Валон христиан демократтар болсо Палестина мамлекетинин 1967 – жылдагы чек арасы менен дароо жана шартсыз таанылуусун талап кылды.
Швециянын октябрь айынын акырында Палестинаны таануусунан кийин Франция, Англия, Испания жана Ирландия парламенттери өкмөттөрүнө бул кадамды таштоолору керектигин сунуш кылган. Швециядан кийин Польша, Румыния, Венгрия, Чех республикасы, Болгария, Түштүк Кипр Рум башкаруусу жана Мальта Палестинаны таануу чечимин турмушка ашырган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар