Париждеги барымтага алуу окуясы

Операцияларда 4 барымта каза болуп, 16 барымта куткарылды

179744
Париждеги барымтага алуу окуясы

Шарли Эбдо журналына кол салган эки бир тууган жана еврей маркетине кол салган бир киши жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында каза болду. 
Операцияларда 4 барымта каза болуп, 16 барымта куткарылды.
Франциянын борбор шаары Париждин түндүк чыгышындагы Даммартин ен Геоле шаарчасында жана борбор шаардын чыгышында маркеттеги барымта кризис бирдей убакта соңуна чыкты.
Француз телекөрсөтүү каналдары түз эфирден берген операция да кыска убакта соңуна чыкты.
Биринчи операция бир тууган кол салуучулар кысмакка алынган басмаканада башталды. Жүргүзүлгөн операцияда оболу газ бомбасы атылып андан кийин куралдуу кагылышуу чыкты. Бул операциянын акырында барымтага алынганы болжолдолгон, бирок имараттын ичинде жашырынып полицияга жардам бергени белгиленген бир киши куткарылды. Операцияда бир полициянын да жараланганы билдирилди.
Кол салган эки бир туугандын жашырынган жерден чыгып полицияга ок атканы жана полициянын да жооп берүүсү менен каза болгону белгиленди.
Париждин чыгышындагы еврей маркетине курал менен кирип кээ бир кишилерди барымтага алган Амеди Кулибалиге ошол эле минуталарда операция жүргүзүлдү. Полиция менен кол салуучунун ортосунда чыккан кагылышууда маркеттен жарылуу үндөрү чыкты.
Кулибали менен бирге 4 барымта да каза болду. Операцияда үч полиция кызматкери да жараланды. Араларында аялдар менен балдар да болго 15 барымта болсо куткарылды. Куткарылган барымталардан беш кишинин жаралуу экени белгиленди. Полиция булактары Амеди Кулибалинин Шарли Эбдо кол салуусунан кийин Парижде аял полицияны өлтүргөн киши болгону билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар