АКШ Европадагы аскер санын азайтат

Пентагон Европадагы бир канча базасын жаба турганын билдирди.

178469
АКШ Европадагы аскер санын азайтат


Коргоо бюджетинде жыл сайын 500 миллион долларды үнөмдөп калууну максаттаган АКШ Европадагы аскерлеринин санын азайтат.
АКШнын коргоо министрлиги Пентагон Англиядагы бир аскердик базада кызмат өтөп жатышкан аскерлерин артка чегинтүүгө чечим чыгарды.
Базадагы 3 миң 200 аскердик кызматкерди жана үй-бүлөсүн бир канча жылдын ичинде чыгарып кетет.
Пентагон айрыкча Германиядагы бир канча базасын жаба турганын, Португалиядагы Америка бөлүктөрүнүн санын да азайта турганын баяндады.
Коргоо министри Чак Хейгл ушундайча Вашингтондун НАТО шериктештерине эң жакшы түрдө колдоо көрсөтө алаарын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар