Папа террордук кол салууларда каза болгондор үчүн дуба кылды
Папа : «Австралия, Пакистан жана Йеменде өткөн күндөрдө болгон адамзаттык тышы террордук кол салууларда курман болгондор үчүн дуба кылгым келет»,- деди.
Католик ааламынын руханий лидери Папа Франциск акыркы бир жуманын ичинде Австралия, Йемен жана кечээ Пакистанда болгон террордук кол салууларды «адамзаттык тышы» деп мүнөздөп, кол салууларда каза болгондор үчүн дуба кылды.
Ватикандын белгилүү Азиз Петрус аянтында шаршемби күндөрү өткөргөн жалпы кабыл алуу отурумунда папа бул жумадагы сөзүндө дүйнөдө акыркы күндөрдө ар башка өлкөлөрдө болгон террордук кол салуулар жана жакындап келе жаткан рождество майрамынын кубанычына токтолду.
Папа : «Австралия, Пакистан жана Йеменде өткөн күндөрдө болгон адамзаттык тышы террордук кол салууларда курман болгондор үчүн дуба кылгым келет»,- деди. Папа кол салууда каза болгондордун үй – бүлөлөрүнө сабырдуу болуулары керектигин айтты. Рождество майрамына да токтолгон папа христиан ааламынын келерки жумада Азырети Исанын туулган күнүн белгилей турган майрамдын жаңы бир башталгычтын белгиси экенин айтты.
Тектеш кабарлар
Чадда чоң жарылуу болду
Энцемин аэропортуна жакын жердеги Гонджи аймагындагы аскердик ок-дары сакталган кампада өрт чыкты.