Украина маселеси
Украинадагы кризис батыш өлкөлөрүнүн күн тартибиндеги эң негизги темалардын арасында.
151407
![Украина маселеси](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/10-11/Files/UploadedImages/3359729613rusyaukrayna.jpg?time=1718624400)
АКШнын президенти Барак Обама кол кое турган долбоор Орусияга жаңы саккцияларды алып келсе, Украинага да курал-жарак жардамынын жолун ачууда.
Бирок Обаманын долбоордо орун алган санкцияларды дароо ишке ашыраары күмөн.
Ал эми Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Киевге бериле турган курал-жарак жардамдарынын Украинанын чыгышындагы кризисти чечүүгө жардамчы болбой турганын айтты.
Европа Биримдиги болсо Орусиянын Карадеңиздеги мунай издөө иштерине бөгөт болуу максатында Крымдагы инвестициялардын азайтылуусуна чечим чыгарды.