Эбола эмдөөсүн сыноо токтотулду

Эмдөөдө күтүлбөгөн тескери таасирдин чыкканы, ушул себептен сыноо иштеринин токтотулганы билдирилди

146223
Эбола эмдөөсүн сыноо токтотулду

Батыш Африкада 6 миңден ашуун кишинин өлүмүнө себеп болгон эбола вирусуна каршы чыгарылып жаткан эмдөөнү сыноонун токтотулганы билдирилди. Эбола эмдөөсү тест кылынган ооруканадан жасалган билдирүүдө Швейцарияда эмдөө тууралуу ыктыярдуу кишилерге жасалган тесттин алдына алуу максатында токтотулганы айтылды. Эмдөөдө күтүлбөгөн тескери таасирдин чыкканы, ушул себептен сыноо иштеринин токтотулганы билдирилди. Жетекчилердин эмдөө тест кылынган төрт кишиде кол жана буттарында муун ооруларынын пайда болгону белгиленди. Эмдөөнүн тесттери январь айында Женева шаарында кайрадан башталары белгиленди. Канадада чыгарылган эбола эмдөөсүн сыноо үчүн ноябрь айында 59 киши ыктыярдуу болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар