Египетте куш тумоосунан бир киши каза болду
2006-жылдан бери куш тумоосунан каза болгондордун саны 70ке жеткени билдирилди.
137015
Египетте куш тумоосу катталды.
Египеттин Саламаттык сактоо министрлиги Аль-Минья шаарынын элет жеринде куш тумоосунан 1 кишинин каза болгонун билдирди.
Бул оору Египетте алгач 2006-жылы катталган. Андан бери куш тумоосунан каза болгондордун саны 70ке жеткени баяндалды.