Түркия-Орусия кызматташтыгы стратегиялык деңгээлге жетти

Путин эки өлкөнүн карым-катнаштарына баа берди.

199188
Түркия-Орусия кызматташтыгы стратегиялык деңгээлге жетти

Түркия-Орусия кызматташтыгы стратегиялык деңгээлге жетти.
Орусиянын президенти Владимир Путин Түркия-Орусия карым-катнаштарынын жаңы баскычка ээ болгонун белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын кээ бир тармактарда стратегиялык деңгээлге жеткенин билдирди.
Путин Кремлде Орусияда жаңы кызматын баштаган элчилерди кабыл алып, Түркиянын Орусиядагы элчиси Үмүт Ярдым ишеним грамотасын тапшыргандан кийин эки өлкөнүн карым-катнаштарына баа берди.
Путин эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун энергетика менен катар ар башка тармактарда стратегиялык деңгээлге жеткенин сөз кылды.
Президент Эрдоган менен жакын кызматташуу түзгөндөрүн баяндаган Путин, 1-декабрда Түркияда өткөрүлө турган Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйынында эки өлкөнүн карым-катнаштарын динамикалуу түрдө өнүктүрүү үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрө тургандарын айтты.
Орусияда кызматын баштаган 15 өлкөнүн элчилери Кремлде өткөрүлгөн азем менен Путинге ишеним грамотасын тапшырышты.
Ишеним грамотасын тапшырган элчилердин арасында Түркиянын Москвадагы элчиси Ярдым менен катар АКШнын элчиси Жон Теффт да орун алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар