Павло : "Кырмда абал коркунучтуу"

Павло Климкин украиналыктардын негизги укуктарын колдоно алышпагандарын айтты

193903
Павло : "Кырмда абал коркунучтуу"

Украинанын тышкы иштер министри Павло Климкин Крымда татарлар жана украиналыктардын негизги укуктарын колдоно алышпагандарын жана өздөрүн дайыма коркунуч астында сезишкендерин белгиледи. Европа Парламентинин тышкы иштер комиссиясында сөз сүйлөгөн Климкин : "Крымда жума сайын крымдык татарлардын жок болуп сөөктөрүнүн бир канча күндөн кийин Крымдын башка аймактарында табылганы тууралуу кабарларды алуудабыз",- деди. Ошол эле учурда Брюсселде чогулган Европа Биримдигинин тышкы иштер  министрлери : "Крым татарларына карата жасалган зулумчулук башта болуу менен Крымдагы абалдардан тынчсызданышкандарын",- билдирди.  Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин биргелешкен чечиминде : "Эл аралык адам укуктары актерлорунун Крым жана Акмесжит да болуу менен бардык Украина жерлерине эркин, чексиз жана толугу менен жетишүүгө боло тургандай мүмкүнчүлүктү түзүүгө" чакырылды жана Орусиянын Крымды аннекция кылуусун айыптады. 



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар